Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

АКШ менен Орусия өзөктүк куралды чектөөнү талкуулашат


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ менен Орусия стратегиялык куралды чектөө боюнча келишимди талкуулаганы жатат. Венадагы сүйлөшүүнүн алдында Москва азыркы келишимди узартууну сунуш кылган. Ага ылайык тараптар стратегиялык өзөктүк дүрмөттөрүн 1 550 даанадан ашырбоого тийиш.

Эки атомдук держава ортосундагы бул акыркы чоң келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында аяктайт.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун айтымында, макулдашууну узартуу үчүн кошумча жүйө жок, бирок Москва буга чейинки позициясында турат.

Вашингтон келечекте ушул өңдүү келишимдерге Кытайдын да катышуусун талап кылып келатат. Бирок Бээжин сүйлөшүүлөргө катышуу тууралуу чакырыктарды четке кагып жатат.

XS
SM
MD
LG