Сеул Пхеньянды чек ара аймагына үгүт баракчаларын жөнөтүү планынан баш тартууга чакырды. Анын алдында Түндүк Корея 3 миң үйлөмө шарга туташтырып, 12 миллион баракча таратарын эскерткен.
Корей жарым аралындагы чыңалуу өткөн аптада Пхеньян каршы тарапка качып кеткен диссиденттер пропагандалык баракчаларды салып жатышат деген негизде коңшу өлкө менен байланыш кеңсесин жардырып жибергенден кийин күчөдү.
22-июнда Түштүк Кореянын Түндүк Корея менен биригүү иштери боюнча министрлигинин басма сөз өкүлү Пхеньяндын баракча чачуу ниети эки тараптын мамилесине зыян алып келерин билдирди.
Эл аралык чөйрөдө "азыркы аба ырайы үйлөмө шарларды учурууга шарт түзбөйт, Түндүк Корея дрон пайдаланып, абал ого бетер курчушу мүмкүн" деген кооптонуулар айтылып жатат.