Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Кытайдан качкан этникалык казактар абактан чыкты


Кастер Мусаханулы жана Мурагер Алимулы. Чыгыш Казакстан облусу, 22-июнь 2020-жыл

Кытайдан качып чыккан этникалык казактар Кастер Мусаханулы жана Мурагер Алимулы 22-июнда Семей шаарындагы абактан чыгышты. Адвокат Ляззат Ахатова алар 8 айдан ашуун убакыт камакта отуруп чыкканын билдирди. Мусаханулы жана Алимулы «мамлекеттик чек арадан атайлап мыйзамсыз өткөн» деп айыпталган. Райондук сот быйыл январда алардын ар бирин бир жылга абакка кескен.

Адвокаттын айтымында, экөөнүн тең качкын деген макамы эмки айда соңуна чыгат.

Алар былтыр октябрда казак-кытай чек арасынан өтүп, Шинжаңдан Казакстандын Зайсан районуна барышкан. Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, Бээжин автоном районундагы мусулмандарга каршы куугунтуктан качканын айтып беришкен. Казак бийлиги аларды кармап, сот тарабынан айып тагылган. Бирок сот Кытайга кайтаруу тууралуу чечим кабыл алган эмес.

Активисттер этникалык казактарды абактын жанында тосуп алууну пландашкан. Жабык жайдын жетекчилиги "пандемия маалында эл көп топтолбосун" деген жүйө менен экөөнү тең белгиленген убакыттан эрте чыгарып жибергени маалым болду.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG