Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Орусияда “Желе" жамааты боюнча дагы эки киши соттолду


Виктор Филинков жана Юлий Бояршинов. Санкт-Петербург, 22-июнь 2020-жыл

Санкт-Петербургда аскердик сот «террордук жамаат» тууралуу иш боюнча айыпталган Виктор Филинковду 7 жылга, Юлий Бояршиновду 5,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Аларга “Желе (“Сеть”) деп аталган регион аралык террордук анархиялык коомуна” мүчө болгон деген күнөө тагылды.

Тергөөчүлөр ал уюм Орусиядагы “бийликти төңкөрүүнү” көздөгөн деп эсептешет. Соттолгондор айыптоону четке кагып, иш атайлап жасалган деп айтып келатышат.

Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, жамааттын мүчөлөрү имараттарды басып алуу, курал-жарак колдонуу жана медициналык жардам көргөзүү ыкмаларын үйрөнүп машыккан. Прокуратура "айыпталуучулар камакта ФСБнын кыйноосуна туш болгон" деген маалымат тастыкталбаганын билдирди.

Иш 2017-жылы октябрда ФСБ тарабынан козголгон. Анын алкагында Пенза, Санкт-Петербург жана Москвада 11 киши, көбү анархисттер менен антифашисттер кармалып, кийин камакка алынган. Алар иштин материалдарын ФСБ өзү токуганын, кыйноого туш болуп, көрсөтмө беришкенин айтып келишти.

Буга чейин Пензада жети киши 6 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG