Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Баатырбеков: “Семетей” обсервациясында 800 кишиге орун даярдалды


“Семетей” обсервациясы. 22-июнь.
“Семетей” обсервациясы. 22-июнь.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков “Манас” эл аралык аэропортунун жанында жайгашкан “Семетей” обсервациясын көрүп келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Баатырбеков коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйгөндүгүнө байланыштуу медициналык мекемелерде орундар көбөйтүлүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, “Семетей” обсервациясында COVID-19 дартына чалдыккан жарандарды жайгаштырууга болот. Азыр ар бирине 120 киши бата турган жети корпус даяр. Дагы беш корпусту даярдоо мүмкүнчүлүгү караштырылып жатат.

“Мындан тышкары ар бир бөлмөсүндө шарты болгон башка корпустар да бар. Бирок ремонт талап кылынат. Буга катар премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, жапырт оорулуулар пайда болгон учурда чатырчалар шаарчасы түзүү үчүн орун каралууда. Учурда ар кандай абалга даяр турушубуз керек. Жарандар тийиштүү шартта дарылануудан өтүшү абзел”, - деди Батырбеков.

Өлкөдө өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. 22-июнда илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетти. Бул ооруга кабылгандан соң 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. (TSh)

XS
SM
MD
LG