Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Хорватиянын президенти Москвадагы парадга барбай турганын билдирди


Москвадагы парад алдындагы машыгуу. 20-июнь 2020-жыл
Москвадагы парад алдындагы машыгуу. 20-июнь 2020-жыл

Хорватия президенти Зоран Миланович Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Москвадагы аскердик парадга барбай калды. «РИА Новости» кабарлагандай, Хорватиянын элчилиги мамлекет башчынын учагы «бузулуп калганын» билдирди.

Буга чейин парадга баруудан Түркмөнстан, Азербайжан президенттери жана Армениянын премьер-министри баш тарткан. Алар муну коронавирус жана карантин менен түшүндүрүшкөн. Чехиянын президенти да орус башкалаасына барбайт. Ал Орусияда эпидемиологиялык абал оор деген жүйө келтирди. Франциянын президенти Эммануэл Макрон да парадга катышпай турган болду.

Пандемиядан улам быйылкы иш-чара 9-майдан 24-июнга которулган.

11-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров парадга 12 мамлекеттин башчысы, негизинен КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери келүүгө даяр экенин айткан.

Азыр Казакстан жана Беларус, Сербиянын президенттери парадга барууга камданып жатканы маалым болду.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун да парадга катышары кабарланган.

XS
SM
MD
LG