Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

COVID-19: Саламаттык сактоо министри өз алдынча дарыланбоого чакырды


Сабиржан Абдикаримов. 22-июндагы брифинг учуру.
Сабиржан Абдикаримов. 22-июндагы брифинг учуру.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде коронавирус аныкталган учурда өз алдынча дарыланууга болбой турганын билдирди.

“Өз алдынча дарыланып, алтынчы же жетинчи күнү ооруканага жатуу үчүн кайрылып жатышат. Оор абалда гана келип атышат. Мен айткан үч адам бир гана күн ооруканада болушту. Катуу оорудан каза болушту. Кимде кант диабети, гипертония, өнөкөт оорулары болсо өтө коркунучтуу. Өз алдынча дарыланбагыла, биринчи белгилери пайда болгондо эле дарыгерге кайрылгыла. Анткени, туура дарылоону дарыгер аныктап бериши керек”, - деди министр.

Расмий маалыматка караганда, 22-июнда коронавирус жуктуруп алып ооруканада жаткандардын арасынан үч киши каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумгандардын саны 40 кишиге жетти. Өлкөдө вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 2021и сакайды. (TSh)

XS
SM
MD
LG