Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды


Улуттук банктын имараты.

22-июнда Улуттук банк бир кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганын билдирди. Буга чейин Улуттук банктын эки кызматкеринен коронавирус табылган. Учурда илдет аныкталган кызматкерлер дарыланууда, алардын оорусу жеңил өтүп жатат.

Санитардык эрежелерге ылайык коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон башка кызматкерлер карантинге жөнөтүлүп, ПЧР – анализдин жыйынтыгын күтүп жатышат. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу банк 23-июндан баштап айрым кызматкерлерин үйдөн иштөөгө жөнөттү. Бирок, банк штаттык режимде иштөөсүн уланта берет.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен, Бишкек, Жалал-Абад мэрлеринен, Жогорку Кеңештин эки депутатынан, үч кызматкеринен коронавирус аныкталганы кабарланган.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта катталган. Андан бери илдетти жуктургандар 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG