Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Кыргызстанда 163 кишиден коронавирус жаңы аныкталып, бир аял каза болду (видео)


Коронавируска анализ алып жаткан дарыгерлер.
Коронавируска анализ алып жаткан дарыгерлер.

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус жуккан бир бейтап каза болду. Ал 54 жаштагы аял экенин, Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасында көз жумганын саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус табылды, 33 киши айыкты.

Жаңы катталган бейтаптар төмөнкү аймактарда:

Бишкек шаарында – 94
Чүй облусунда - 22
Ош шаарында – 16
Жалал-Абад облусу – 13

Ош облусунда – 9
Нарын облусу – 7

Баткен облусу – 1
Талас облусу – 1

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Алардын ичинен 41 адам каза болуп, 2054ү сакайды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 9 миллиондон ашты ашты. Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG