Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Москвадагы парадга катышат


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 24-июнда Москвада экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлчү парадга барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлап, сапар Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашып жатканын билдирди.

Мирзиёев Орусияга 23-июнда барып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Буга чейин Түркмөнстан, Армения жана башка бир катар мамлекеттердин жетекчилери Москвадагы парадга баруудан баш тартышкан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвага бара турганын президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам Жеңиштин 75 жылдык мааракеси 9-майда өткөрүлбөй, 24-июнга жылдырылган. План боюнча Путин Кызыл аянттагы трибунада согуштун катышуучулары менен болот. Мурдараак "Bloomberg" агенттиги парадга келе турган Экинчи дүйнөлүк согуштун 80дей катышуучусу карантинге алынганын эки чиновникке таянып маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG