Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу митинги өтүп жатат (видео)


Мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылы, 23-июнь, 2020.
Мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылы, 23-июнь, 2020.

Мамлекеттик ишмер Болот Шерди (Болотбек Шерниязов) акыркы сапарга узатууга арналган митинг Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында өтүп жатат. Анда “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Болот Шерди "элдин руху болду, биз көрбөгөн, билбеген фундаментти курду" деп, жазуучуларды, акындарды колдогонун, кыргыздын көкжалдыгын көрсөткөн көкбөрүнү улуттун рухуна айландырганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "улутка, мекенге, маданиятка, саясатка кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп кетти" деди.

Болот Шер - Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен» саясий партияларынын, "Ата-Журт" саясий кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Көкбөрү" федерациясынын түзүүчүсү.

Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 21-июнда 61 жашында оорудан каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманлиев, Өмүрбек Бабанов, Элүүбай Отунчиев баштаган коомдук-саясий, маданий ишмерлер катышып жатышат. Кыргыз өкмөтүнүн атынан Маданият министри Азамат Жамангулов сөз сүйлөдү.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 23-июнда өзүнүн керээзи боюнча кичи мекени Чоң-Капка айылындагы көрүстөнгө коюлат.

XS
SM
MD
LG