Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Мурдагы судья Жаркееванын соту башка күнү уланмай болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Элвира Жаркеевага байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген сот отуруму болгон жок. Ал өзүн начар сезип жаткандыктан сотко бара албасын айтып, отурумду башка күнгө которуу өтүнүчүн келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кийинки отурум 29-июнга пландалды.

Башкы прокуратура Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Жаркеевага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу» беренелери менен айып таккан. Ал 2016-жылы ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган деп айыпталууда. Соттук териштирүү 16-июнда башталган.

Жаркеева менен бирге Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов жана ишкер Рустам Воинов да айыпталууда. Алар кытай ишкерлери менен жер талашка байланыштуу 2018-жылы кармалган.

Буга чейин президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаев тергөөгө кытай инвесторлору Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга байланыштуу иш боюнча мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген, кийин ага карата да иш козголгону белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG