Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

CPJ: Беларуста шайлоо алдында журналисттерге кысым токтошу керек


Полиция Лукашенкого каршы акциянын катышуучуларын кармап кетүүдө. Минск, 20-июнь, 2020-жыл

Беларуста шайлоо алдындагы нааразылык акцияларын чагылдырган журналисттер куугунтуктоодон, коркутуп-үркүтүүлөрдөн чочулабай иштөөгө тийиш. "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) 22-июнда ушундай мазмундагы билдирүү жасады.

Уюм белгилегендей, бери дегенде 14 кабарчы кармалды, үчөөнө президент Александр Лукашенкого каршы акцияларды чагылдыруу үчүн айып тагылды.

Комитеттин билдирүүсүндө дүйшөмбү күнү Минскиде “Тилектештик чынжыры” деген акциянын ондогон катышуучусу соттолгону белгиленет. Аларга “уруксат берилбеген иш-чарага катышуу” же “полицияга баш ийбөө” айыптары тагылууда. Арасында журналисттер да бар.

Мисал катары көз каранды эмес сайттын журналисттери Александр Позняк менен Сергей Багровдун иши келтирилет. Позняк 340 доллар айыпка жыгылса, Багров 15 күнгө камалды. Дагы бир соттун чечими менен укук коргоочу, "Вясна" маалымат каражатынын журналисти Сергей Латинский нааразылык акцияларына катышты деген айып менен 10 күнгө соттолду.

9-августка белгиленген президенттик шайлоодо Лукашенкого атаандаш болуп чыгабыз дегендер четинен кармалып келатат.

Оппозицияга каршы басым күчөп, бийликке сын айткан көрүнүктүү саясатчылар менен активисттер камакка алынгандан бери нааразылык акциялары токтой элек.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG