Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Иран украиналык учактын кара кутуларын Францияга жиберет


Украиналык учак кулаган жер. Тегеран, 8-январь 2020-жыл

Иран «жакынкы бир нече күндө» жыл башында атып түшүрүлгөн украиналык учактын кара кутуларын Францияга жөнөтөрүн жана курман болгондордун жакындарына кенемте төлөө маселесин чечүүгө даярдыгын билдирди.

Бул тууралуу дүйшөмбүдө Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин канадалык кесиптеши Франсуа-Филипп Шампань менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө сөз болгонун Канаданын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Тегеран Киевге “укуктук маселелерди чечүүгө жана кенемте төлөөгө” даярдыгын айткан. Бирок каршы тараптан делегация алигиче келе элек.

“Украина Эл аралык аба жолдору” компаниясынын "Боинг" лайнери 8-январда Тегеран аэропортунан Киевге учуп чыккан жеринен Иран аскерлери тарабынан атып түшүрүлгөн.

Борттогу бардык 176 киши, арасында ирандык 82, канадалык 63 жаран набыт кеткен. Кийин Тегеран учакты “жаңылыш” атып алганын моюнга алган.

Трагедия маалында Иран армиясы күжүрмөн даярдыкка келтирилген. Анын алдында Багдаддын четинде Революция сакчылары корпусунун таасирдүү генералы Касем Солеймани америкалык дрондун соккусунан каза болуп, жооп иретинде Ислам жумурияты АКШнын Ирактагы базасын ракета менен аткылаган.

Францияда учактардын “кара кутулары” жаздырган маалыматты чечмелеген алдыңкы иликтөө агенттиги жайгашкан.

XS
SM
MD
LG