Ооган расмий өкүлдөрү талиб согушкерлери өлкө түндүгүндө бир нече жердеги текшерүү пункттарына кол салганын, 14 жоокер окко учканын маалымдашты.
Шейшембинин таңында Кундуз провинциясында болгон кол салуу атышуу менен коштолуп, куралдуу тиреш бир нече саатка созулду. Анда 8 аскер набыт болду, жетөө жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик башчысы Насруддин Саади билдирди.
Кундуз губернаторунун басма сөз катчысы Эсматулла Муради чабуул тууралуу маалыматты бышыктап, бирок 9 аскер өлгөнүн айтты. «Талибан» бул кабарды азырынча комментарийлеген жок.
Согушкерлер ошондой эле Балх жана Газни аймактарында ушундай кол салуу уюштурушкан. Коргоо министрлиги кармашта бир нече жоочу жок кылынганын билдирди.
Майдын аягында, Орозо айтты утурлай “Талибан” ок атышпоо тууралуу жарыялагандан бери Ооганстанда зомбулук азайган. Бирок Кабулдагы расмий адамдар согушкерлер акыркы убакытта кол салууларын көбөйткөнүн айтышат.
Дүйшөмбүдө ооган өкмөтүнүн расмий өкүлү «Талибан» кыймылын ыктымал сүйлөшүүлөр алдында чабуулдарын күчөткөндүгү үчүн айыптады. Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавид Файзалдын айтымында, соңку жумада согушкерлердин колунан коопсуздук күчтөрүнүн 291 аскери өлдү, 550сү жарадар болду.
Талибдердин өкүлү өкмөт келтирген сандарды четке кагып, «душман ушундай маалымат чыгаруу менен оогандардын өз ара диалогуна, тынчтык процессине сокку урууну көздөйт» деп билдирди.
Согушкер уюм «өткөн аптада чабуул койгону чын, бирок алардын көбү коргонуу максатында болгон», - деди Забихулла Мужахид.
Ооган өкмөтү менен “Талибан” жылдардан берки жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөргө жакындашканын ишарат кылып келатышат.