Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Песков 24-июндагы парадга катыша турган лидерлерди атады


Парадга даярданган жоокерлер

Орусиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков 24-июнда Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катыша турган чет өлкөлүк лидерлерди атады.

Тизмеде БУУга кирген мамлекеттин жети жетекчиси гана бар: Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери. Эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери да катышмакчы. Москвадан айырмаланып, дүйнө коомчулугу ал эки аймакты Грузиянын бөлүгү деп эсептейт.

Босния жана Герцеговинанын президимунун төрагасы Милорад Додиктин да орус башкалаасына барары күтүлүп жатат.

Бир катар лидерлер адегенде 9-майга белгиленип, пандемиядан улам 24-июнга жылдырылган иш-чарага катышуудан баш тартышты. Айрымдар, мисалы АКШ президенти Дональд Трамп 9-майга чакырууну да кабыл алган эмес.

Песковдун айтымында, Кремл эпидемияга байланыштуу сапардан баш тарткан лидерлерди жакшы түшүнөрүн белгиледи.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков салтанатка катышуу үчүн 23-июнда Орусияга учуп кетти.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG