Чүйдүн жана Жалал-Абаддын айрым аймактарында 23-июндагы катуу шамалдын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында ылдамдыгы секундасына болжол менен 18 метрге жеткен шамал болгон. Натыйжада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын бул айылдагы №45 колониясынын имаратынын 185 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл аймагында мектептин 114 даана шиферин, жети турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, үч чарбалык курулуштун 141 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында тогуз турак үйдүн 248 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен.
Эки облуста тең адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)