Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Жалпы республикалык тестирлөө сынагынын экинчи баскычы башталды


Тестирлөө сынагы өтүүчү мектепти дезинфекциялоо. 22-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт ӨКМге таандык).

24-июнь күнү Кыргызстандагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү негизги тестирлөө сынагын тапшырышат. 25-июнда предметтик сабактар боюнча сынак болот.

Жалпы республикалык тестирлөө үч баскыч менен өтөт. Биринчи баскычы 21-22-июнь күндөрү өткөн.

Тестирлөөгө түрдүү себептер менен мөөнөтүндө каттала албай калып, сынакка кирбей калгандар үчүнчү баскычта 11-12-июль күндөрү тапшыра алышат.

Сынактын жыйынтыгы 13-19-июль аралыгында белгилүү болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Жалпы республикалык тестирлөө сынагын өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалган. Санитардык талаптар көзөмөлдөнүп, окуучулардын аралыгы медициналык алгоритмге ылайык сакталат. Сынакка кирүүчүлөрдүн дене табы текшерилип киргизилүүдө.

Быйылкы тестирлөө сынагына 41 727 бүтүрүүчү катталган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG