Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Чүйдө алты гектар арпа талаасы күйүп кетти


Күйүп жаткан арпа талаасы. 23.06.2020
Күйүп жаткан арпа талаасы. 23.06.2020

Чүй облусунда өрт кырсыгынан эгин талаасы жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районунун Константиновка айылында 23-июнда кечке жуук башталган өрт арпа талаасын каптаган.

Натыйжада алты гектар чабыла элек арпа күйгөн.

Өрттүн себебин адистер тактап жатышат.

Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды, адам өмүрүнө залака тийген учур болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG