Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

ТИМ: Орус-казак чек арасындагы кыргызстандыктардын маселеси каралууда


Самарада ара жолдо калган мигранттар.
Самарада ара жолдо калган мигранттар.

Орусия менен Казакстандын чек арасында, Орусиянын Оренбург жана Самара облусунда турган кыргызстандык жарандарды мекенине кайтарып келүү маселеси каралууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда бул маселени чечүү жолдорун чечүү үчүн Казакстандын жана Орусиянын тиешелүү органдары менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Министрликтин басма сөз кызматы коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар али жабык экенин эскертип, Орусиядагы кыргызстандыктарды чек арага барбоого чакырган.

Орусиянын Самара облусундагы орус-казак чек арасында жетимиштей кыргызстандык бир нече жумадан бери талаада түнөп жатышканын “Азаттык” радиосуна кабарлашкан. Алар Москвадан автобус жалдап жолго чыгып, орус-казак чек арасынан өтө албай калган.

Пандемия башталган февраль айынан берки убакта чет өлкөлөрдөн келе албай калган 15 миңге чукул кыргызстандык мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан. Орус-казак чек арасында өтө албай калган кыргызстандыктар эки ирет автобус менен Казакстан аркылуу Бишкекке жеткирилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG