Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлердин иши боюнча жарыш сөз уланууда


Албек Ибраимов сот учурунда. Ноябрь, 2019-жыл.
Албек Ибраимов сот учурунда. Ноябрь, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча апелляциялык арыздарды кароону улантууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык соттун канцеляриясы кабарлады. Маалыматка караганда, отурумду соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев алып барууда жана анда жарыш сөз жүрүүдө.

Буга чейин "Акипресс" маалымат агенттиги шаардык сотто мамлекеттик айыптоочулар Албек Ибраимовго 20 жыл, экс-мэр Кубанычбек Кулматовго, «Альто Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевге, "Айкөл-Курулуш" компаниясынын мурдагы жетекчиси Сейткан Алиевге, Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркановго 15 жылдан жаза чектөөнү сурап жатканын жазган.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баштаган мамлекеттик жана жеке ишкерлер Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, Ленин райондук соту аларга өкүмдү 23-декабрда чыгарган. Өкүмгө ылайык Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, камактан бошотулган. Акчалай айып Кубатбек Шаршеналиевге да чегерилип, ага 180 миң сомдук айыппул салынган.

Ошондой эле мурдагы мэр Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана "Дастан" ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.
Райондук сот бул кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын ичинен Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон.

Райондук соттун өкүмүнө соттолуучулар да, айыптоочу да макул эместигин билдирип, шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Бишкек шаардык соту арыздарды кароого 7-февралда киришкен.

Бишкектин мурдагы эки мэри 2018-жылдын жай айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын баса белгилеп келатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG