Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Жээнбеков Канттагы орус базасы боюнча мыйзамга кол койду


Кант шаарындагы база.
Кант шаарындагы база.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын макамы жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койду.

Протоколго эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын 28-мартында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде кол коюшкан. Быйыл 11-июнда Жогорку Кеңеш аны дароо үч окууда колдоп берген.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Протоколго ылайык, базанын аянты 924,52 гектар деп жазылды, бул 2012-жылдагы макулдашууда жазылгандан 58,32 гектарга көп. Ошого жараша орус тараптын базанын ижарасы үчүн төлөөчү акысы да жылына 291 миң 600 долларга көбөйөт. Азыр жыл сайын 4 млн. 502 миң 495 доллар төлөнүүдө. Орусия 2012-жылдан берки айырманы да төлөп берүүгө макул.

Бирок коомчулукта протоколдогу экинчи өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ал Канттагы авиабазанын учуу-конуу тилкесин Орусиянын менчигине өткөрүүнү камтыган пункт. Буга базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл деген жүйө келтирилип жатат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 24-июнда Жеңиштин 75 жылдыгына карата парадга катышуу үчүн Москвада жүрөт. Буга чейин эксперттер кыргыз бийлиги президенттин сапарын утурлай келишимди толугу менен кабыл алууга аракет кылат деген божомолдорду айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG