Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Тажикстандын жана Ооганстандын кыргыздар жашаган аймактарына гумжардам жөнөтүлдү


Гуманитардык жардамды жөнөтүү. 21.06.2020

Кыргыз өкмөтү Тажикстандын жана Ооганстандын этникалык кыргыздар жашаган аймактарына гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 21-июнда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб жана Жергетал райондоруна Ош шаарынан оор жүк ташуучу тогуз автоунаа жөнөп кетти. Аларга 200 тонна ун, 4 миң даана жууркан, 550 кутуга салынган тазалоо каражаттары жүктөлгөн.

Ошол эле күнү Ооганстандын Чоң Памиринде жана Кичи Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга 25 тонна ун, миң жууркан, 200 кутуга салынган тазалоо каражаттары, 10 тонна күрүч жана 2,5 миң литр өсүмдүк майы жөнөтүлдү.

Тажикстанда коронавирус дарты 5,5 миң адамга, Ооганстанда дээрлик 30 миң адамга жукту. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG