Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек ара кызматкерлери Чечмеде жолугушту


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 24-июнда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен багытындагы өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек ара кызматкерлери жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эки тараптын жолугушуусу Кадамжай районундагы Чечме айылында болду. Сүйлөшүүгө чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын жетекчилери да катышты.

Жолугушууда тараптар Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан 23-июнда Чечме айылындагы булактын жанында жүргүзүлгөн топографиялык иштерин талкуулашты. Кыргыз тарап аймакта топографиялык сүрөт, видео тартууга жана башка иштерди Кыргызстандын тиешелүү кызматтары менен макулдашуусуз жүргүзүүгө мүмкүн эместигин белгиледи. Өзбекстан тарап буга макул болду.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар кыргыз-өзбек чек арасында жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу алдын ала маалымдоого жана макулдашууга келишти. Кыргызстандын Чек ара кызматы Чечме айылындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 23-июнда Кадамжайдагы Чечме айылында жайгашкан Чечме булакка Өзбекстандын чек арачылары келип, топографиялык иштерди жүргүзгөнүн жазып чыгышкан.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жаракат алганы кабарланган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG