Түркиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн түштүк-чыгышында Иран тараптан атылган октон бир жоокери набыт болгонун, экөө жараат алганын билдирди.
24-июнда жарык көргөн билдирүүдө аскерлерин ким аткылаганы такталган жок. Анда түрк бөлүктөрү чек арага жакын жердеги Юксекова шаарынын жанында чалгын-көзөмөл миссиясын аткарып жатканда чабуулга туш болушканы айтылган.
Ички иштер министри Сулейман Сойлу 9-июнда Иран менен чек арада курулуп жаткан дубал даяр болуп калганын айткан. Министр курулуш коопсуздугун камсыздоо, тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясынын согушкерлеринин Түркияга кирип келишинин жана аткезчиликтин алдын-алуу үчүн жүргүзүлүп жатканын тактай кеткен.
Түрк армиясы ондогон жылдан бери Сирия жана Ирак менен чек ара чөлкөмдөрүндө, өлкөнүн түштүк-чыгышында күрт согушкерлерине каршы күрөшүп келет.