Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

“Нур Телеком” компаниясынын төрт кызматкеринен коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

“О” уюлдук операторунун сайтында ишкананын коронавирус аныкталган төрт кызматкери обочолонууга алынганын жазды. Саламаттык сактоо министрлигинин талабына ылайык, илдет аныкталгандар менен байланышта болгон кызматкерлер анализ тапшырып жатышат.

Компаниянын сайтында жазылган маалыматка ылайык, ишкананын көпчүлүк кызматкерлери аралыктан иштеп жатышкан. “Нур Телеком” компаниясы кардарларды тейлөөчү бардык бөлүмдөрдө санитардык эрежелер сакталганын кабарлады. Буга чейин үйдөн иштеп жаткан компаниянын бир кызматкеринен коронавирус аныкталган. Учурда ал бейтап сакайып кеткени айтылды.

Июнь айынын ортосунда “Мегаком” жана “Билайн” компанияларынын кызматкерлеринен коронавирус чыккан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG