Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Парламент Улуттук банктын 2019-жылдагы отчетун жактырды


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Жогорку Кеңеш 24-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2019-жылдагы иш жөнүндө отчетун талкуулап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Абдыгулов акча-насыя саясатына жана каржылык-насыялык уюмдарды жөнгө салуу боюнча абалды баяндады.

“2019-жылы Кыргызстандын эл аралык резервинин көлөмү тарыхый жогору чекке жетип, 2,4 млрд. долларды түздү”, – деди Толкунбек Абдыгулов.

Талкууда депутаттар коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелерди көтөрүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу насыялык милдеттеме шарттарын жеңилдетүү менен кичи жана орто бизнести колдоо зарылчылыгын белгилешти.

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын төрт кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганына байланыштуу парламенттин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт жана ага журналисттер киргизилбейт деген чечим кабыл алынган.

Парламент депутаттарынын бири Дастан Бекешев күн тартибине коюлган 24 мыйзам долбоору түшкө чейин эле каралып бүткөнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин сайтына илинген күн тартибинин долбоорунда 24-июнда 20 маселе, 25-июнда 37 маселе карала турганы жазылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG