Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Активист Таласта Жерүй алтын кени боюнча жыйын өткөнүн билдирди


Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.

Жарандык активист Айбек Бусурманкулов 24-июнда Талас районунда Жерүй алтын кени боюнча жыйын өткөнүн “Азаттыкка” маалымдады. Активисттин айтымында, жүзгө жакын жергиликтүү тургандар катышты. Анда чогулгандарга өзү мүчө болгон Жерүй боюнча элдик комиссия маалымат берип, жергиликтүүлөрдүн пикирин угушту.

"Биз элге маалымат бердик. Андан сырткары кен иштетип жаткан ишканага текшерүү үчүн кирүүгө уруксат берилбесе ушундай чогулуштар өткөрүлө берилери айтылды. Бизге «Алтын альянс» эмгек келишимдерин бузганы, калдыктар сакталуучу жай туура эмес курулганы тууралуу ар кандай маалыматтар түшүп атат. Биз мамлекеттик органдар менен бирге кенди текшерүүнү сунуштап жатабыз”, - деди Айбек Бусурманкулов.

Азырынча «Алтын альянс» ишканасынан активист айткандар боюнча жооп алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

24-июнда Жерүй алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жаткан жарандык активист Айбек Бусурманкулов Талас райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып чыккан. Милиция активист пандемияга байланыштуу санитардык эрежелерди түшүндүрүү үчүн кармалганын маалымдашкан.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG