Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:01

Жээнбеков Бишкекке кайтып келип анализ тапшырды


Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Орусиянын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Санитардык-эпидемиологиялык алгоритмге ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты. Президент баш болуп алардын бардыгынын анализдери чыкканга чейин үч күн өз алдынча обочолонууда болушат. Анализинен илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынды.

24-июнда Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага катышуу үчүн Бишкектен президент баштаган делегация жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков ардактуу конок катары бул иш-чарага катышкан жок.

Себеби Москвадан текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылганы расмий айтылды. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG