Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын эң көп саны - 228 адам катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-июнда билдиргендей, бир суткада 4160 кишинин анализи текшерилип, анын 228инен коронавирус табылды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 113 адам. Ош шаарында 32, Ош облусунда 31, Чүй облусунда 24, Ысык-Көл облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 10, Талас облусунда үч, Баткен облусунда эки жана Нарын облусунда бир адам.
Бир суткада бул илдеттен бир адам каза тапты. 49 жаштагы аял бейтап Тогуз-Торо районундагы ооруканада жаткан.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 30 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2112 бейтап айыгып кетти. (RK)