Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Жогорку Кеңеш бүгүн 40тан ашуун мыйзам долбоорун карайт


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. 15-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. 15-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

25-июнь күнү парламент 41 маселени карашы күтүлүүдө. Анын ичинде “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет. Бул мыйзам долбоору коомчулукта сөз эркиндигин ооздуктоо аракети катары катуу сынга алынган.

3-окууга “Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү”, “Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган акчаларды адалдоого каршы” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир катар мыйзам актыларын, Кодекстерди өзгөртүү, Кыргызстандын прокуратурасы тууралуу жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору киргизилет.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын, Түштүк Кореянын ортосундагы бир катар келишимдерди ратификациялоо маселесин карайт.

Ошондой эле бир катар мыйзамдарга, актыларга өзгөртүү киргизүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана башка мыйзам долбоорлору биринчи жана экинчи окууда каралат.

24-июнда күн тартибине коюлган 24 мыйзам долбоору түшкө чейин эле каралып бүткөнүн парламент депутаты Дастан Бекешев "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин жыйыны түз алып көрсөтүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG