Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавируска чалдыгып, ооруканага түшкөндөрдүн 42синин абалы оор. Бул тууралуу 25-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, абалы оорлордун ичинен 12 бейтап реанимацияда:
"Бүгүнкү күндө стационарда 635 бейтап жатат. Анын 42си оор абалда, 12си жандандыруу бөлүмүндө. 213ү орточо абалда. 380инин абалы канааттандырарлык".
Ошону менен катар оорунун белгилери байкалбаган 1164 адам үй шартында обочолонууда.
Соңку бир сутка ичинде коронавирустан Кыргызстанда дагы бир адам каза болуп, бул көрсөткүч 43кө жетти. Жаңы катталгандар – 228 адам.
Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын ичинен 2112 бейтап айыгып кетти. (RK)