Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Парламент “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого киришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окуудан карала баштады.

Депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко баштаган бир катар депутаттар кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты. Депутат Дастан Бекешев жалган маалыматтар мамлекеттик телерадиолордон деле берилип келгенин мисал кылып, ал үчүн эч ким жооп бербей келе жатканын айтты. Ал эми депутат Наталья Никитенко бүгүнкү күнү Кыргызстан сөз эркиндиги менен гана сыймыктана аларын айтып, бул мыйзам долбоору менен ал эркиндиктен да ажыратуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.

Депутат Жанар Акаев мыйзамдын авторун Акүйдүн алдында мыйзам долбооруна каршы митингге чыккандарга чыгып, жолугушуусун сурады. Асылбаева мыйзамга каршылар менен жолугушууга даяр экенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG