Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Жогорку Кеңештин төрт депутаты коронавирустан дарыланып жатат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин депутаттары арасынан коронавирус табылгандары төртөө. Соңку маалымат ушундай экенин 25-июнда парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Ал "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазганына караганда, Жогорку Кеңеш аппаратынын төрт кызматкери да учурда вирустан дарыланып жатат:

"Дагы эки ЖК депутатынан COVID-19 аныкталды. Баары төрт депутат, төрт аппарат кызматкери дарыланууда. ПЧР-тест тапшыруу иштери уланууда".

Төрт депутат ким экени айтылган жок. Бирок өткөн аптада Бейшеналы Нурдиновдон бул илдет аныкталганы белгилүү болгон. Бакыт Төрөбаев да жуктуруп алганы айтылган, бирок маалымат расмий тастыкталган эмес.

Ибраим Нуракун уулу өзү да коронавирустан дарыланып, Чүйдөгү ооруканада жатат.

Парламент жана президенттик аппарат орун алган имаратта 20-июнда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн. Парламенттеги аппарат кызматкерлери, басма сөз кызматында иштегендердин баары жана Жогорку Кеңештин депутаттары анализ тапшырышкан.

Имаратты карантинге жабуу маселесин комиссия чечерин 25-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жалпысынан 18-марттан 25-июнга чейин өлкөдө коронавирус 3954 адамдан табылды, алардын 43ү бейтап кайтыш болду, 2112 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG