Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Милиция: Бишкекте каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды


Кылмыштуу топтон алынган курал-жарактар. 25-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт Бишкек ШИИБне таандык).
Кылмыштуу топтон алынган курал-жарактар. 25-июнь, 2020-жыл. (Сүрөт Бишкек ШИИБне таандык).

Бишкек шаардык милициясы башкалаада каракчылык кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, эки адамдан турган топ былтыр сентябрь айында “Престиж” деп аталган акча алмаштыруу жайынын кызматкерлерин тапанча менен коркутуп, 70 миң сом алып кетишкен. Ноябрда “Малайзия эмеректери” дүкөнүнө кирип, сатуучуларын тапанча менен коркутуп, 60 миң сом алып кетишкен. Көп өтпөй, борбор калаадагы «Эко-Исламик-Банктын» кичирайондордун биринде жайгашкан филиалынан 1 миллион 536 365 сомду тоноп алып кетишкен.

Быйыл январда «Сенсон-Гранд» деп аталган акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерин сабап, 3 миллион 784 546 сомду карактаган. 12-июнь күнү “Керемет-Банкка” кирип, күзөтчү менен кассирди уруп, 1 миллион 120 миң сом алып кетишкен.

Каракчылык кылган кылмыштуу топту Бишкек шаардык милициясы ИИМдин атайын кызматынын кызматкерлери менен чогуу кармашкан. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 25-июнда маалымдагандай, каракчылыкка шектүү 45 жаштагы С.А. жана 37 жаштагы А.Н. кармалып, камакка алынды. Алар минип жүргөн ак түстөгү «Тайота-Лэндкрузер 200» автоунаасы айып жайына киргизилген.

Милиция учурда булардын колунан жабыркаган башка адамдар жана ишкерлер да болуусу ыктымалдыгын иликтеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG