Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

"Пакистан эл аралык аба жолдору" ондогон учкучту иштен четтетет


Пакистандагы соңку авиакырсыкта 97 адам мерт болгон.
Пакистандагы соңку авиакырсыкта 97 адам мерт болгон.

"Пакистан эл аралык аба жолдору" 426 учкучунун 150гө чукулун учакты башкаруудан четтеткени жатат. Улуттук компания мындай чечимин айрым учкучтар лицензияларын алдамчылык жол менен алганы тууралуу кабар ачыкка чыккандан кийин, 25-июнь күнү жарыялады.

Аталган компаниянын май айында кыйраган учагынын чоо-жайын изилдеген өкмөттүк комиссия бир күн мурда өз корутундусун парламентке сунуштаган. Анда Пакистандын авиация министри Сарвар Хан "Пакистан эл аралык аба жолдору" улуттук аба компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин, жүздөгөн учкучтар көз боёмочулук менен лицензияларга ээ болушканын айткан.

22-майда "Пакистан эл аралык аба жолдору" компаниясынын "Airbus A320" лайнери Карачи аэропортуна конуу маалында турак жайларга кулап түшкөн. Борттогу 99 кишинин 97си мүрт кеткен. Жергиликтүү гезиттердин бири жердеги өспүрүм кыз кийин ооруканада каза болгонун жазган.

Комиссиянын алгачкы бүтүмүнө ылайык, кырсыкка экипаждын жана жердеги кызматтардын катачылыгы, анын ичинде учкучтардын коронавирус пандемиясы тууралуу сөз кылып, алаксып кеткени себеп болгон.

XS
SM
MD
LG