Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Жер трансформациясын талап кылгандардын акциясы уланууда


Пикетке чыккандар талабы аткарылмайынча Ак үйдүн алдынан кетпей турганын айтып жатышат.

Жогорку Кеңештин алдында Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 50 чакты тургуну катышкан акция бүгүн да уланды. Алар 18-июндан бери пикетке чыгып, 25-июнга караган түнү ошол жерде түнөгөнүн “Азаттыкка” айтып беришти.

Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетер алдында жерди трансформациялоо жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып берсин деп жатышат.

Мыйзам долбоору буга чейин парламентте биринчи окууда колдоо тапкан. Экинчи окууда каралганы жатканда өкмөт аны чакыртып алган.

Өкмөт 18 депутат сунуш киргизгенин, ошондуктан ага даярдануу үчүн күн тартибинен алдырганын айтып жатат.

Пикетке чыккандар маселеси чечилбесе Ак үй тараптан кетпей турганын билдирип жатышат.

Алардын айтымында, эгер трансформация тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы жана Ош шаарындагы 2009-жылдан кийин уруксаты жок жерге салынган үйлөр мыйзамдаштырылат. Трансформация боло турган жер тилкелеринин жалпы аянты 1711,8 гектар.

Чүйдүн тегерегиндеги айылдардын тургундары айыл чарба багытындагы жерлерине үй салууга уруксат берүү талабын буга чейин да коюп келишкен. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан, бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев ага кол койбой койгон. (AiB)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG