Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

“Кабар”: Жээнбековдун Орусияга сапары кырдаалга жараша болот


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага шилтеме кылып, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Орусиянын Ржев шаарына 30-июнга белгиленген иш сапары мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун жазды.

“Ржев шаарына болгон иш сапардын алкагында согуш жылдарында курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган эстеликти ачуу пландаштырылган. Бул иш сапардын болор-болбостугу Кыргызстан менен Орусиядагы мындан аркы эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды”, - деп билдирген Стамалиева.

Буга чейин “РИА Новости” агенттиги орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусия президенти Владимир Путиндин 30-июнда Ржев шаарында жолугушуусу планда жок экенин жазган.

Ага дейре Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбековдун Орусияга кийинки иш сапары Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москва тараптын чакыруусу менен 30-июнга белгиленгенин жарыялаган. Бирок анда эки өлкө башчыларынын жолугушуусу жөнүндө айтылган эмес.

23-июнда президент Жээнбеков баштаган расмий делегация Орусиянын борбору Москвага Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата майрамдык парадга катышуу үчүн барган. Делегация курамындагы эки адамдан коронавирус табылып, мамлекет башчысы майрамдык иш-чараларга катышпай артка кайткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG