Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери кайрадан эң көп учур - 250 жаңы бейтап катталды. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 105 адам. Чүй облусунда 61, Ош шаарында 47, Ош облусунда 19, Жалал-Абад облусунда 12, Ысык-Көл жана Баткен облустарында экиден, Нарын жана Талас облустарында бирден адам.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 50 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө коронавирус 4204 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2162 бейтап айыгып кетти. (RK)