Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Өкмөт кайрадан өзгөчө абал киргизүү кажети жок деп чечти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында коронавируска байланыштуу кайрадан өзгөчө абал жарыялоонун кажети жок деп эсептейт. Бул тууралуу 26-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди:

“Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен чогулуш өтүп, эч кандай өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деп, бирок бир канча тапшырма берилди. Биринчиден, мамлекеттик органдарда да көп учур катталганына байланыштуу кызматкерлерин болушунча үйүндө, башкача айтканда, аралыктан иштөөгө өткөрүүнү караштыруу. Экинчиден, жергиликтүү администрацияларга, айрыкча Бишкектин жана Оштун мэрияларына базарларда, соода түйүндөрүндө жана башка эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү”.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны азайбай жатат. Бишкек мэриясынын өкүлү эгер абал жакшырбаса кайрадан өзгөчө абал киргизилиши мүмкүн экенин айткан. 25-июнда Каратаев бул маселе коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда чечилерин билдирген.

Өлкөдө COVID-19 илдети алгач 18-мартта катталган. Ошондон бери бул инфекция 4 миңден ашуун адамга жукту, 43 адам каза болду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген, бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG