Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

Боронов: Өзгөчө абал жарыялоо кырдаал өтө начарласа көрүлчү акыркы чара болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал режимин кайрадан киргизүү өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал өтө начарлап кетсе көрүлө турган акыркы чара болот. Бул тууралуу 26-июнда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында сүйлөп жатып Боронов өкмөт андай чарага барбоо үчүн колунан келген аракетин көрөрүн айтты. Ар бир адам санитардык талаптарды так аткарса карантин киргизүүнүн зарылчылыгы болбой турганын белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эпидемиологиялык абал Бишкекте, Ошто, Чүй жана Ош облустарында начар болуп турат. Вирус жуккандардын 50% бул инфекцияны кайдан жуктуруп алганын билбейт.

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал соңку күндөрү курчуй баштады. Ооруну жугузуп алгандар көбөйүп, айыккандар мурдагыга караганда аз болуп жатат.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген, бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө коронавирус 4204 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2162 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG