Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус аныкталды


Президент жана парламент жайгашкан имарат.
Президент жана парламент жайгашкан имарат.

Кыргызстанда президенттик аппаратта иштеген сегиз кызматкердин анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 26-июнда мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады:

"Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөн учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтык өзгөрүшү мүмкүн. Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат. Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери аралыктан иштөөсүн улантууда".

Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус ошол жакка барганда табылып, мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата парадга катышпай, кайтып келген. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Мамлекет башчыныкы таза чыкканы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG