Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Сардабада селде там-ташы кыйрагандар бийликке нааразылык билдиришти


Кырсыкта 2,5 миңден ашык там-таш жараксыз болуп калган.
Кырсыкта 2,5 миңден ашык там-таш жараксыз болуп калган.

Өзбекстандын Сырдарыя облусуна караштуу Сардаба (Сардоба) районундагы суу сактагычтын дамбасы жырылып кеткенден кийин там-ташы кыйраган айрым жарандар 25-июнда нааразы болуп топтолушту. Алар бийликтен селден жабыркаган там-таштарынын так ордуна жаңы үйлөрдү куруп берүүнү талап кылышты. "Азаттыктын" өзбек кызматы нааразы болуп көчөгө топтолгондорду милиция кармап кеткенин жазды.

Өзбек бийлиги Сардаба суу сактагычындагы кырсыктан жапа чеккендерге көп кабаттуу 50 үй салып берерин айткан жана жалпысынан 2,5 миңден ашык үй жараксыз болуп калганын билдирген.

Өзбекстандын Казакстанга чектеш аймагындагы Сардаба суу сактагычындагы кырсык өткөн айдын башында болгон. Ошол маалда эки өлкө 100 миңден ашуун жаранын коопсуз жайга көчүргөн.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча эки кишиге кылмыш иши козголуп, камакка алынганын маалымдаган.

Сардаба суу сактагычын куруу 2010-жылы башталган. Аны куруу ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёевдин демилгеси болгону айтылган. Суу сактагыч 2017-жылы курулуп бүткөн, ага 922 миллион кубметр суу батат. Суу сактагычтын бийиктиги 28,8 метрди түзөт.

XS
SM
MD
LG