Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 00:04

Янц: Евробиримдик сырткы чек арасын ачуу боюнча чечим кабыл ала элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги 1-июлдан тарта кайсы өлкөнүн жарандарына Шаркеттин аймагына кирүүгө уруксат берилерин толук чече элек.

Бул тууралуу Еврокомиссиянын миграция жана ички иштер боюнча басма сөз өкүлү Адалберт Янц "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер ушу тапта бул маселени талкуулап жатканын, акыркы чечим жакын арада кабыл алынарын айтты. Янц буга чейин жарыяланып кеткен тизме боюнча комментарий бербей турганын кошумчалады:

"Мен бардыгынан сурана кетет элем, расмий ишеничтүү маалыматка чейин жыйынтык чыгарбай турган оң. Тынчсызданууга булак болгон маалыматтар азырынча акыркы чечим боло албайт. Андай чечим кабыл алган күндө да, ал ошол бойдон өзгөрүүсүз тура бербейт", - деди Адалберг Янц.

Буга чейин "Евроньюс" баштаган бир катар маалымат каражаттары 1-июлдан тартып Евробиримдиктин аймагына келүүгө уруксат бериле турган мамлекеттердин тизмесин жарыялаган. Анда Борбор Азия аймагынан жалгыз эле Кыргызстан кирбей калган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG