Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Дем алыш күндөрү аба дээрлик он градуска салкындап, тоолордо кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Келерки дем алыш күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөйт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш эскертүү таратып, 27-28-июнда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болорун, жаан жаап, тоолордо кар жаай турганын, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыны 17-22 метрге жетерин билдирди.

Маалыматка караганда, абанын температурасы дээрлик он градуска төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаанын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайытта мал кармоону кыйындатат.

Нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG