Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Түркияда түркмөн жарандары уюштурган акцияга уруксат берилген жок


Акциянын катышуучулары. 26.06.2020
Акциянын катышуучулары. 26.06.2020

26-июнда Түркиянын Стамбул шаарында жашаган 50дөй түркмөнстандык пикетке чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетүүсүн жана Түркиядагы түркмөн мигранттарын тез арада мекенине алып кетүүсүн талап кылышты.

Жергиликтүү полиция аларга акцияны өткөрүүгө уруксат берген жок. Мындай чектөөнү тартип коргоо кызматкерлери коронавирус пандемиясына байланыштуу Түркияда адамдардын топтолуп иш-чара өткөрүүсүнө уруксат жоктугу менен түшүндүрүштү жана мэриянын атайын уруксаты керек экенин билдиришти.

Акцияны уюштурган түркмөн активисттери бүгүнкү акцияга тоскоолдук жаратыш үчүн чагымчылар да барганын белгилешти. Стамбул шаарынын мэриясынан атайын урусат алгандан кийин дагы пикет уюштурууга аракет кыларын жарыялап, таркап кетишти.

Буга чейин да Түркиядагы түркмөнстандык мигранттар Стамбулдагы консулдуктун алдында пикет уюштурууга аракет кылышкан, бирок полиция аларды кууп тараткан.

Түркияда расмий 133 миңден ашык түркмөнстандык туруктуу жашоого уруксат алган. Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр миңдеп саналат. (ElB)

XS
SM
MD
LG