Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Глазгодо бычакчан адамдын кол салуусунан үч киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Окуя Шотландиянын Глазго шаарындагы "Park Inn" мейманканасынын кире беришинде орун алды. Алдын-ала маалыматка ылайык, полиция кол салган адамды атып өлтүрдү. Окуяда бир полиция кызматкери жараат алды. Бычак көтөргөн карасанатай адамды бул кылмышка эмне түрткөнү азырынча белгисиз.

Мейманкананын имараты кайтарууда турат, шаар полициясы кырдаал көзөмөлдө экенин, жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайдын жоктугун маалымдады.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "үрөй учурган окуядан улам катуу кайгырып турганын", ал мерт болгон жарандар менен алардын үй-бүлөлөрүн ойлоп жатканын айтты.

Өткөн аптада Британиянын түштүк-чыгышындагы Рединг шаарындагы паркта дагы кол салуу болгон. Анда да үч киши бычак жеп, набыт болгонун жазышты. Полиция окуяны терроризм менен байланыштырып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG