Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

New York Times: Орусия америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн акча төлөгөн


АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстандагы Баграм аскер базасында америкалык жоокерлер менен жолугушууда. 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстандагы Баграм аскер базасында америкалык жоокерлер менен жолугушууда. 2019-жыл.

АКШнын чалгын кызматы Орусиянын чалгын башкармалыгы Ооганстандагы согушкерлерге америкалык аскерлерди өлтүргөнү үчүн акча төлөп бергени аныкталганын маалымдады.

Бул тууралуу New York Times басылмасы ЦРУдагы булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, радикал согушкерлер жана аларга байланышы бар кылмышкерлер ар бир өлтүрүлгөн америкалык аскер үчүн акчалай сыйлык алып турган. Бул маалымат талибдерди суракка алган учурда анык болгон. Мунун артында ким турганы азырынча так белгисиз, бирок америкалык аналитиктер операцияны Орусиянын чалгын башкармалыгынын расмий "29155" деп аталган аскер бөлүгү жүргүзөт деп шек саноодо.

Былтыр Ооганстанда 20 америкалык аскер өлтүрүлгөн. Азырынча алардын ичинен канчасы буюртманын курмандыгы болгону белгисиз.

New York Times бул бөлүк Батыштагы кырдаалды түрдүү диверсиялык аракеттер жана киши өлтүрүүлөр аркылуу туруксуздаштырууну максат кыларын жазды. Бул аскердик бөлүктүн кызматкерлери 2018-жылы Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия Скрипалдын ууландырылганына шек саналган.

Америкалык аскерлердин өлүмү үчүн акы төлөнөрү тууралуу маалымат АКШ президенти Дональд Трампка улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында кабарланган. Азырынча Ак үй тараптан кандай каршылык чаралары көрүлөрү тууралуу маалымат жок.

Гезиттин бул тууралуу суроосуна Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлдин мындай айыптоолордон кабары жок экенин, "эгер берсе, жооп кайтарыша турганын" билдирген.

Бул маалымат боюнча АКШнын расмий өкүлдөрү да эч кандай пикир билдире элек.

XS
SM
MD
LG