Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Ошко Москвадан 326 кыргызстандык кайтып келди


Москва-Бишкек багытында кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 17-май, 2020-жыл.

Москва-Ош багытындагы чартердик учак менен 326 кыргызстандык 27-июнда учуп келип, Ош эл аралык аэропортуна конду. Кайтып келген жүргүнчүлөрдүн арасында эки жашка чейинки 41 бала бар.

Келгендердин баары маанилүү себептерге байланыштуу кайткан жарандар экенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, Москвадан келгендер тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Оштогу обсервацияларга жайгаштырылат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда ушуну менен пандемия жарыялангандан бери Орусиядан Кыргызстандын жарандары 53 чартердик учак жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен келди.

27-июнга карата Орусиядан жалпы 12 миңге чукул адам Кыргызстанга алып келинген.

Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарды мекенине жеткирүү үчүн Москва-Бишкек, Москва-Ош багытындагы чартердик каттамдарды жумасына эки ирет жүргүзүүгө жана Орусиянын башка шаарларынан да кыргызстандыктарды алып кетүү үчүн чартердик каттамдарды уюштурууга аракеттер көрүлүп жатканын маалымдаган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG