Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Дарыгер-педагог, профессор Мария Нанаева дүйнөдөн кайтты


Мария Нанаева.
Мария Нанаева.

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Мария Нанаева 26-июнда 93 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстандагы фармакологиянын негиздөөчүсү, белгилүү окумуштуу, бийик деңгээлдеги педагог, "профессор Нанаеванын медициналык кадрларды даярдоого кошкон салымы баа жеткис" деп айтылат вице-премьер-министр Аида Исмаилова, академиктер Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов баштаган медицина тармагынын алдыңкы өкүлдөрү кол койгон некрологдо.

Мария Нанаева беш монографиянын, сексенден ашык окуу-методикалык сунуштамалардын, фармакология багытындагы эки жүздөн ашык илимий эмгектердин автору. Медицина илимдеринин 10 окумуштуусунун кандидаттык диссертациясына жетекчи болгон. Белгилүү коомдук ишмер, академик Кайып Оторбаевдин жубайы, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин энеси.

Мария Нанаева 1927-жылы 22-ноябрда Талас облусунда туулган.

XS
SM
MD
LG